Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Бишкектеги аймактык форумда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча акыркы маалыматтарды сунуштады.

Сторис3 жылда 287 объект, 2 млрд дол инвестицияСлайддар: 6
  1. 3 жылда 287 объект, 2 млрд дол инвестиция
  2. Өнөр жай өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы. Өнөр жай өндүрүшү экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат.
  3. 10,8 % — 2026-жылдын 9 айынын ИДП өсүшү
  4. 10,2 % — Акыркы төрт жылдагы орточо жылдык өсүш
  5. Өнөр жайдын негизги көрсөткүчтөрү: Өнөр жай өндүрүшү 7,1% көбөйүп; Жалпы көлөмү 8 миллиард долдан ашык; 66 жаңы объект ишке киргизилген; 4 миңден ашык жумуш орду түзүлгөн
  6. Узак мөөнөттүү долбоорлор. Камбар-Ата-1 ГЭС курууга даярдануу жүрүп жатат. Бул долбоорду Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрөт.

Анын айтымында, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 10,8% өсүп, акыркы төрт жылдагы орточо жылдык өсүш 10,2% түзгөн. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Өсүү бардык негизги тармактарда байкалып, курулуш жана өнөр жай башкы драйверлер болгон. Курулуштун көлөмү 62% дан ашык өссө, өнөр жай өндүрүшү 9 айда 7,1% көбөйүп, жалпы көлөмү 8 миллиард доллардан ашкан.

Министр ошондой эле аймактарда 66 жаңы өнөр жай объектиси ишке киргизилгенин, аларга болжол менен 60 миллион доллар инвестиция салынып, 4 миңден ашык жумуш орду түзүлгөнүн билдирди.

Акыркы үч жылдагы өнөр жай жыйынтыктары

287объект
2млрд доллар инвестиция
21миңден ашык жумуш орду

Ири инфраструктуралык долбоорлордун арасында Эрлист Акунбеков "Бишкек Арена" стадионун (50 миңден ашык орундуу) жана "Манас" аэропортунун реконструкциясын атады.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинети Камбар-Ата-1 ГЭСин өз каражаты менен курууга даярдыкты аяктап жатат. Долбоор боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, ошондой эле Дүйнөлүк банктын салымы бар экенин кошумчалады.