Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына караштуу милиция кызматкерлери Mercedes-Benz айдоочусу аялга мылтык такап коркуткан жаранды кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына жабырлануучу аял билдирди.
Анын айтымында, окуя 29-октябрда саат 10:09 чамасында болгон. Ал кызы менен «Билимкана» аймагынан чыгып келе жатканда, анын унаасына бир эркек киши жакындап келген.
Ал мылтыгын алып, аны менен менин унаамдын терезесин каккылап, окчосун мага карай багыттап, катуу кыйкырып жатты
Аял окуяга чейин эч кандай чыр-чатак болбогонун белгиледи. Кийинчерээк ал болгон окуяны видеого тартып алууга жетишкен. Андан соң «102» кызматына чалып, арыз жазган.

Мен кызымдын коопсуздугу үчүн коркуп кеттим. Бүгүн бул менин башыма түштү, эртең менин ордумда башка аял болушу мүмкүн
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан 24.kg басылмасына билдиришкендей, окуя каттоо журналына катталган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаранды аныкташкан. Тергөө учурунда мылтык алынган. Окуя боюнча экспертизалар дайындалган.
Учурда кошумча текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы жана экспертизалардын корутундусу чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.


















