Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, шаардагы көмүр базалары жылытуу мезгилине жетиштүү запастар менен камсыздалган. Баалар районго жана көмүрдүн маркасына жараша айырмаланат: тоннасына 7 миңден 8 миң сомго чейин.

Муниципалитет шаардык кызматтар көмүрдүн бар-жогун, баасын жана соода түйүндөрүнүн отун менен камсыз болушун дайыма текшерип турарын белгиледи.

Ленин району

Ленин районунда 13 көмүр базасы иштейт, жалпы запасы 4 миң 852 тонна. Бул жерде «Кара-Кече» маркасындагы көмүр тоннасына 7 миң сомдон, «Мин-Куш» — 7 миң сомдон, «Шабыркуль» — 7 миң 800 сомдон сатылат.

Соода түйүндөрү «Ак-Ордо-3», «Новопавловка» жана «Селекция» конуштарында, ошондой эле Мурманская, Б.Алыкулов, Саркулаков көчөлөрүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан.

Первомай району

Первомай районунда көмүр запасы 472 тонна. «Кара-Кече» көмүрү тоннасына 7 миң сом, «Мин-Куш» — 8 миң сом, «Шаргунь» — 7 миң 600 сом турат.

Отунду Молодая Гвардия көчөсү 337, Түндүк айланма жол, Саадаев көчөсү 8б даректери боюнча, ошондой эле Пригородное жана Озерное айылдарынан сатып алса болот.

Свердлов району

Свердлов районунда тогуз көмүр базасы иштейт, жалпы запасы 5 миң 450 тонна. «Кара-Кече» көмүрү 7 миң сомдон, «Шабыркуль» — 7 миң 800 сомдон сатылууда.

Соода түйүндөрү Достоевский көчөсү 1, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Лебединовка, Ленинское жана «Келечек» конушунда жайгашкан.

Октябрь району

Октябрь районунда көмүр запасы 650 тонна. Мэриянын маалыматы боюнча, райондун бардык сатуу түйүндөрүндө отун бар.

Райондор боюнча көмүр запастары

4 852тонна — Ленин району
5 450тонна — Свердлов району
650тонна — Октябрь району
472тонна — Первомай району

Мэрия тургундарды көмүрдү алдын ала камдап алууга чакырат, анткени суук түшкөндө баалар көтөрүлүшү мүмкүн.