«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кени үчүн үч жаңы жүктөгүч сатып алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы техника
Ишкананын маалыматы боюнча, буга чейин беш экскаватор сатылып алынган. Алдыда көмүрдү чоң көлөмдө ташуу жана сорттоо комплексинин келиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, көмүрдү жууп-тазалоо жана брикеттөө үчүн жабдууларды сатып алуу пландалууда.
Ишкана бул кадамды көмүр казууну көбөйтүү жана калкты сапаттуу отун менен камсыздоого багытталган деп эсептейт.





















