Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сапар учурунда ал капиталдык ремонттон кийинки имараттын абалы менен таанышып, кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыкты.

Мэр мекеменин жамааты менен жолугушуп, башкармалыктын иши, эмгек шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты тууралуу талкуулады.

Мэр социалдык колдоо көрсөтүүдө кызматкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, аларга ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ош шаардык мэриясынын билдирүүсүнөн

Иш-чаранын алкагында Жанарбек Акаев социалдык контракттын негизинде жардам алган жарандарга сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары, ал Жаңы-Маала конушунун айрым тургундарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берди.

Жолугушуунун соңунда мэр жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, кызматтарды санариптештирүү жана документтерди расмийлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарын айтты.