Бишкек шаарында баңгизаттарды онлайн сатууну жарнамалаган адамдар кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Кармалгандар коомдук жайларга, анын ичинде парктардагы эстеликтерге жана имараттарга баңгизат сатуучу интернет-дүкөндүн жарнамасы бар QR-коддорду чаптаган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүүлөр өткөн жылдын октябрь айынан тарта ар бир жайгаштырылган чаптама үчүн криптовалюта түрүндө сыйлык алып келишкен. Алар Telegram каналдарынын биринде катталган.

30-октябрда «Баңгизат каражаттарын жарнамалоо, ошондой эле аларды керектөөгө ачык чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө башка тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда.