Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы 2026-жылдын 30-июнунда аскер кызматкеринен пара алган офицерге карата өкүмдү күчүндө калтырды. Прокуратуранын кассациялык арызы четке кагылды, чечим акыркы болуп саналат.

Иштин материалдары Кыргыз Республикасынын сот актыларынын мамлекеттик реестринде жарыяланды.

Коррупциялык схема кантип ачылды

2026-жылдын сентябрында УКМКнын басма сөз кызматы Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мобилизациялык резервдин жыйындарынын администрациясынын курамындагы офицерлер өлкө жетекчилигинин саясатына каршы иш алып барып, Куралдуу күчтөрдүн кызыкчылыгына зыян келтирип, жеке кызыкчылыктары үчүн акча талап кылышкан.

Тактап айтканда, окуу батальонунун командиринин жеке курам менен иштөө боюнча орун басары майор М.Б.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири лейтенант К.А.Б. Кой-Таш аскер бөлүгүндө мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүп жаткан аскерге чакырылуучулардан системалуу түрдө акча талап кылуу схемасын уюштурушкан.

Мыйзамсыз «артыкчылыктар» — кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктү өз алдынча таштап кетүү мүмкүнчүлүгү жана мобилдик телефондорду колдонуу — үчүн офицерлер 1 миң сомдон 50 миң сомго чейин пара алышкан.

Паранын өлчөмү

1 000сомдон баштап
50 000сомго чейин

2025-жылдын 10-сентябрында бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») менен кылмыш иши козголгон. Майор менен лейтенант кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Иштин материалдарына ылайык, майор М.Б.М. күнөөлүү деп табылып, сот ага мүлкүн конфискациялоо менен 2 жыл эркинен ажыратуу жазасын дайындаган. Лейтенант К.А.Б. боюнча маалымат берилген эмес.

Жогорку соттун чечими менен өкүм күчүндө калтырылды. Бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт.