Бишкекте Threads социалдык тармагындагы жарыялары үчүн жаран камакка алынды. Ал массалык башаламандыктарга жана башка мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктарды жарыялаган деп шектелүүдө.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматы боюнча, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Slivy_telegramm» аттуу аккаунт аныкталган. Бул баракча мурда «beksultankg99» деп аталган.
ШИИББдин билдирүүсүнө караганда, бул баракчада кытай жарандарына карата терс маалыматтар, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге чакырыктар системалуу түрдө жарыяланып турган. Атап айтканда, аккаунт аркылуу 23-июлга Ала-Тоо аянтына пландаштырылган мыйзамсыз митингге катышууга чакырыктар таркатылган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө, массалык башаламандыктарга жана жарандарга карата зомбулукка чакырыктар») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аккаунттун болжолдуу ээсин аныкташкан. Ал 2003-жылы туулган О. А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Аны Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына жеткиришкен.
Маалыматка ылайык, шектүү өз ыктыяры менен iPhone 14 Pro телефонун текшерүүгө берген. Андан ары тергөө иштеринин жүрүшүндө дагы үч уюлдук телефон жана ноутбук алынган. Бул техникалар кылмыш ишинин материалдарына далил катары кошулган.










