Мамлекет башчысы энергетикалык суусундуктарды керектөө улуттун ден соолугуна олуттуу зыян келтирип жатканын, жарандардан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшкөнүн белгиледи.

Президенттин айтымында, 2025-жылы өлкөдө 129 миллион банка энергетикалык суусундук ичилген. Бул көрсөткүч жарандардын ден соолугуна коркунуч туудуруп, өкмөттөн ыкчам чараларды талап кылууда.

2025-жылдагы энергетикалык суусундуктардын керектөөсү

54,2млн литр жалпы керектөө
129млн банка
25,3млн литр өндүрүлгөн
28,4млн литр ЕАЭБден импорт

Президент 2025-жылы өлкөдө 25 миллион 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөнүн, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринен 28 миллион 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 миллион 239 миң литр ташылып келгенин маалымдады.

Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 миллиард 104 миллион 100 миң сомду түзгөн. 2026-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 996 миллион 710 миң сомго жеткен.

Урматтуу мекендештер! Улуттун келечегине кайдыгер эмес жарандардан энергетикалык суусундуктардын зыяны тууралуу көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Бул маселе Жогорку Кеңештин жогорку трибунасынан да көтөрүлгөн. Эл бизден өлкөнүн генофондуна зыян келтирип жаткан кырдаалга каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылууда.
Президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы билдирүүсүнөн

Документтен

Келип түшкөн кайрылуулардын негизинде мен Президенттик Администрациянын профилдик бөлүмдөрүнө бул маселени кылдат изилдөөнү тапшырдым. Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды керектөө көлөмү 54 миллион 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 миллион банка дегенди билдирет. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында керектөө 36 миллион 83 миң литрге, башкача айтканда 85 миллион 900 миң банкага жеткен.
Президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы билдирүүсүнөн

Саламаттыкты сактоо тармагынын адистери энергетикалык суусундуктардын курамындагы кофеин жана канттын жогорку дозалары жүрөк-кан тамыр системасына, нерв системасына жана зат алмашууга терс таасирин тийгизерин эскертишүүдө.

Президенттин тапшырмасына ылайык, министрлер кабинети бир айдын ичинде өндүрүүгө жана импортко тыюу салуу боюнча план иштеп чыгып, алты айдын ичинде тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алышы керек.