Бишкек мэриясы айрым ЖМКларда тараган «дубал өзүнөн-өзү түшүп жатат» деген маалыматтар чындыкка дал келберин билдирди. Муниципалитеттин тактоосу боюнча, курулуш конструкциясына механикалык зыян келтирилген.
Окуя болгон жерде иликтөө иштери жүргүзүлүп, айдоочу рулга ээ боло албай калып, жол өтмөгүнүн дубалын сүзгөнү аныкталган. Ал окуядан кийин өзү Милициянын кайгуул кызматына кайрылып, кырсык расмий каттоого алынган.
Аны Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүп, сырткы бөлүгүнө зыян келтирген.
Учурда «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол өтмөгүнүн жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Канча каражат коротулганы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Бишкек мэриясы шаардыктарды жана конокторду мындай окуялар кайталанбашы үчүн жол эрежелерин так сактоого чакырды. Айдоочуларга ылдамдыкты азайтып, айрыкча түнкү сааттарда өтө кылдаттык менен айдоо сунушталат.




















