Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине суу берүү токтотулат.

Суунун убактылуу өчүрүлүшү диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундардан, уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Шаардыктарга эскертебиз: сиз «Мой город» тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу кабарландырууларды ала аласыз.