Бишкек шаарындагы Ахунбаева көчөсүндө бүгүн күндүзгү саат 12:30ларда катуу жол-транспорт кырсыгы болду. Кырсык Тыныстанов менен Абая көчөлөрүнүн ортосунда орун алып, бир унаа оор зыянга учурады.
Видеодон көрүнүп тургандай, кырсыктан жабыркаган адам бар экени күбөлөр тарабынан белгиленди. Жабырлануучуну жолдон алып кетишкен, бирок анын учурдагы абалы тууралуу расмий маалымат жок.
Азыркы учурда кырсыктын себептери такталып, тиешелүү кызматтар окуяны иликтеп жатышат.










