Бишкек шаарында муниципалдык жүргүнчү ташуучу транспорттун катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Болжол менен саат 20:50дө №195 каттам менен жүргөн Zhongtong маркасындагы автобус Абдрахманов көчөсү боюнча түштүк багытта бара жатып, Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жерге жетпей калганда жеңил унаа менен сүзүшкөн.
"Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, автобус Changan маркасындагы жеңил унаа менен кагышкан. 24.kg басылмасы болсо экинчи унаанын маркасын Weltmeister деп атап, ал оңго бурулуу жасап жатканын тактады. Кагышуунун кесепетинен автобус токтой албай, жолдун жээгиндеги видео көзөмөл камерасын, жол белгисин жана бордюрларды сүзүп, тротуарга чыккан.
Муниципалдык ишканада автобустун жүргүнчүлөрүнүн арасында жабыркагандар жок экенин ырасташты. Жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын жаракат алышы мүмкүн деген маалымат такталууда.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп, кырсык расмий катталды. Укук коргоо органдары окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, өткөн айдын ичинде борбор калаада автобустардын катышуусунда бир нече массалык кырсык катталып, алар бир нече унаага зыян келтирген.

















