Адвокат Адилет Мерканов президент менен жолугушууда Гүлзат А. аттуу аял даттанган эркектин кармалганын билдирди. Ал өзүнүн коргоосундагы аялдын күйөөсү экинчи аял алып, биргеликтеги мүлктү ээлеп алганын, ал эми анын иниси ага каршы арыз жазганын айтканын эске салды.

Ал кармалды. Бишкектин Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.
Адвокат Адилет Мерканов

Адвокаттын маалыматы боюнча, эркекке карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ал кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.