Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин (ГАГА) директору Данияр Бостонов Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды. Бул тууралуу ГАГА маалымдады.
Элчи кыргыз тарапты жарандык авиация тармагындагы ийгиликтери менен куттуктады. Атап айтканда, Кыргызстандын Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча тизмесинен чыгарылышы жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) акыркы аудиттеринин оң жыйынтыктары белгиленди.
Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүнүн борборунда жүргүнчү жана жүк авиакаттамдарын өнүктүрүү маселелери турду.
Жолугушууда Turkish Airlines, Pegasus Airlines жана Asman Airlines авиакомпанияларынын ишмердүүлүгү, ошондой эле учурдагы авиакаттамдардын деңгээли каралды. Жүргүнчүлөрдүн суроо-талабын эске алуу менен каттамдар тармагын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү да сөз болду.
Эки өлкө ортосундагы жүк авиаташууларын мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыт соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам катары каралууда.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоого, туруктуу жумушчу байланышты сактоого жана жарандык авиация тармагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.






















