Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» жаңы конуштарында муздак суунун берилиши токтотулат.

Өчүрүү турак жайларга, мектептерге, балдар бакчаларына, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-турмуштук жана өнөр жай объектилерине да таасирин тийгизет.

Суунун убактылуу өчүрүлүшү «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу алуучу жайларындагы жана шаардык суу түтүктөрүнүн тармактарындагы оңдоо-алдын алуу иштерине байланыштуу.

Жарандар сууну алдын ала запастап алышы керек, анткени суунун берилиши күнү бою токтотулат.