Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин 15 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын 30-октябрдагы жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде же каза болгондугуна байланыштуу токтотулган.

Мындай чечимдер Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз жана Баткен райондорундагы, ошондой эле Баткен шаарындагы жергиликтүү кеңештерге тиешелүү.

Бош калган мандаттардын көбү шайлоодо кийинки көп добуш алган талапкерлерге өткөрүлүп берилди. Ал эми Баткен районундагы Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажардын мандаты токтотулганы менен, анын ордуна ким келери тууралуу чечимде маалымат берилген жок.