13-августта Бишкек шаарында саат 22:30 чамасында Льва Толстой жана Аалы Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Subaru Forester унаасы Льва Толстой көчөсү менен чыгыш багытына карай жүрүп, электровелосипед менен сүзүштү. Электровелосипедин айдаган 20 жаштагы жигит солго бурулуп жатканда кырсык болгон.

ДТПнын натыйжасында электровелосипеддин айдоочусу оор жаракат алып, тез жардам кызматтары тарабынан Бишкектеги 4-бөлүм ооруканасына жеткирилди.

Бул жол кырсыгы боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат, кырсыктын так себептери аныкталууда.