«Кабар» маалымат агенттиги сейсмологдон тектоникалык активдүүлүктүн себептерин жана кырдаалга кесипкөй көз карашын сурап кайрылган.

Чынында эле, акыркы суткада бир нече жер титирөө болду, калктуу пункттарда алардын күчү 3–3,5 баллга жетти. Негизинен бул кадимки кубулуш.
Канатбек Абдрахматов, УИАнын Сейсмология институтунун жетекчиси

Адистин айтымында, жыл ичинде алсыз жер титирөөлөрдүн саны көбөйгөн эки чоку бар — май жана ноябрь айлары. Бул мезгилдерде Жердин айлануусу секунданын миңден бир үлүшүнө өзгөрөт: жазында бир аз жайлайт, күзүндө ылдамдайт. Дал ушул учурлар тектоникалык активдүүлүккө таасир этет.

Мен муну кадимки кубулуш деп айта алам жана тынчсызданууга негиз көрбөйм.
Канатбек Абдрахматов

Жер титирөөлөрдүн очоктору Тажикстан менен чек арага жакын Алай районунда катталган. Калктуу пункттардагы термелүү күчү 3–3,5 баллдан ашкан эмес.