10-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:12де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Заалай кырка тоосунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда термелүүлөрдүн күчү болжол менен 3 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, ошондой эле Ош шаарынан 142 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Республиканын калктуу пункттарында, анын ичинде айыл-кыштактарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.