Кыргызстанда 13-августта саат 02:49да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы билдирди.

Жер титирөө очогу өлкө аймагында орун алып, Кара-Сай айылынын түндүк-чыгышынан 22 чакырым, Барскоон айылынын түштүк-чыгышынан 53 чакырым аралыкта болду.

Жер титирөөнүн күчү

3,5жалпы интенсивдүүлүк балл менен
2,5Кара-Сай айылы боюнча балл менен

Бул август айынын башынан бери болуп жаткан тогузунчу жер титирөө болуп, мурункусу 12-августта катталган.

Сейсмолог Канатбек Абдрахматовдун айтымында, мындай сейсмикалык активдүүлүк Кыргызстанда чоң жер титирөөнүн жакындашынын белгиси эмес.