24.kg басылмасы билдиргендей, ДССУнун Борбор Азия өлкөлөрүн катуу жер титирөөлөргө даярдыкты күчөтүү керектиги тууралуу билдирүүсү Кыргызстанда жакынкы арада сөзсүз түрдө күчтүү жер титирөө болот дегенди билдирбейт. Бул тууралуу “Эркин Тоо” гезитине сейсмолог Канатбек Абдрахматов айтып берди.
Анын айтымында, Сейсмология институтунда учурда өлкөдө жакынкы арада сөзсүз түрдө күчтүү жер титирөө болорун ырастоого мүмкүндүк берген илимий маалыматтар жок.
Сейсмолог ДССУнун билдирүүсүн табигый кырсыктын жакында болору тууралуу божомол катары эмес, чукул кырдаалдарга медициналык мекемелердин жана чукул кызматтардын даярдыгын жогорулатууга чакыруу катары кабыл алуу керектигин белгиледи.
Канатбек Абдрахматов Кыргызстан чукул кырдаалдардын алдын алууга көбүрөөк көңүл бурушу керектигин кошумчалады. Бул дайыма машыгууларды өткөрүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана мектеп окуучуларын коопсуздук эрежелерине үйрөтүү аркылуу ишке ашат.
Анын айтымында, өлкөнүн сейсмикалык жактан эң кооптуу аймактарына Алай өрөөнү, Ош жана Жалал-Абад облустары, ошондой эле Ысык-Көл өрөөнү кирет. Келечектеги жер титирөөнүн убактысын жана ордун так алдын ала айтуу мүмкүн эмес.



