Окуя 4-ноябрда Мырза-Аки айыл аймагындагы мектеп-интернатта болгон. Узген райондук ички иштер бөлүмүнө 1993-жылы туулган аял кайрылып, уулун көргөнү келгенин, бирок мекеме кызматкерлери ага баласын көрүүгө тыюу салганын билдирген.

Андан соң интернат кызматкери менен тарбиялануучунун энеси ортосунда жаңжал чыгып, мушташка айланган. УВДнын маалыматы боюнча, жаңжалга мектеп-интернаттын директору да катышкан.

Факт Узген РИИБде катталып, доследственная проверка башталды. Анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат.