Бишкекте өткөн өнөр жай өнүктүрүү боюнча аймактык форумда Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Аскарбекова Евразия өнүктүрүү банкы менен каржылык макулдашуу түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, документ 371 миң долларга бааланып, интеграцияланган агроөнөр жай паркынын алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого, инвестициялык моделди жана инвесторлорду тартуу стратегиясын иштеп чыгууга багытталган.

Аскарбекованын билдиришинче, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында парктын параметрлери, өндүрүштүн артыкчылыктуу багыттары, инфраструктурага болгон муктаждыктар жана каржылоо механизмдери аныкталат. Мындан тышкары, 2026-жылдын 26-июнунда банк менен биргелешкен декларацияга кол коюлганын кошумчалады.

Министрлик паркты сырьёдон тартып даяр продукцияны сатууга чейинки бирдиктүү өндүрүш системасы катары карайт. Долбоордо кайра иштетүү кубаттуулуктары, муздаткыч жана кампа комплекстери, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, инженердик жана тейлөө инфраструктурасы каралган.

Долбоордун негизги максаты — өлкө ичинде терең кайра иштетүү жана кошумча нарк түзүү. Парк фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдү бириктирип, чыгымдарды азайтып, продукциянын сапатын жогорулатып, инвесторлорду тартууга шарт түзөт. Ошондой эле долбоор жогорку кошумча нарктуу продукцияны чыгарууну көбөйтүп, жумуш орундарын түзүп, экспортту кеңейтүүгө багытталган.

Беш жылдан кийин долбоордун натыйжалары жумуш орундарынын саны, кайра иштетилген продукциянын көлөмү боюнча бааланат.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

371миң доллар — каржылоо суммасы
5жыл — жыйынтыктарды баалоо мөөнөтү
2026жыл — биргелешкен декларацияга кол коюлган дата