Министрлер кабинети 2026-жылдын 6-октябрындагы №758-т тескемеси менен ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна корутундуну жактырды. Протокол биримдикке мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен өндүрүштүк жана кооперациялык демилгелерди колдоонун кошумча механизмдерин түзүүгө багытталган.
Бул протокол 2026-жылдын 29-майында Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында кол коюлган. Аны ишке ашыруу инвестицияларды активдештирүүгө, айыл чарба продукциясы менен өз ара сооданы кеңейтүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компанияларынын ортосундагы өндүрүштүк байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Өзгөртүүлөр кооперациялык долбоорлорго каржылык жардам көрсөтүү куралдарын түзүүнү карайт. Министрлер кабинетинин баамында, бул айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүшүн стимулдаштырууга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун жана агроөнөр жай продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Протоколдун аткарылышына жооптуу орган катары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленди.
Эми документ ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Учурда протокол ратификациялык жол-жоболордон өтүүдө.







