Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын мамлекеттик банктарына айыл чарба тармагын механикалаштырууга жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында 44,6 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство менен Каржы министрлиги «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору менен агенттик макулдашууга кол коюшту. KGZ-1037 долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы 44,6 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген каражатты бөлүп берет.

Финансылоонун шарттары

Бул каржылоо ишкерлерге жана жеке жактарга мамлекеттик банктардын ислам терезелери аркылуу заманбап айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Программалар «Мурабаха» (үстөк кошулган бөлүп төлөө менен сатып алуу-сатуу) жана «Иджара мунтахийя биттамлик» (кийин сатып алуу укугу менен ижара) продуктуларынын негизинде ишке ашырылат.

Бөлүнгөн каражаттын негизги параметрлери

6%жылдык үстөк
7 жылкаржылоо мөөнөтү
44,6 млн $каржылоонун жалпы суммасы

Эл аралык ири институт менен кызматташуу экономиканын реалдуу секторун колдоого жана өлкөдөгү фермердик чарбаларды техникалык жактан кайра жабдууну тездетүүгө багытталган. Жеңилдетилген каражаттарды тартуу банк секторунун насыялык потенциалын кеңейтип, узак мөөнөттүү каржылоонун эсебинен аграрчылардын финансылык жүгүн азайтат.