2026-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасы Финансы министрлигинде Эл аралык донорлордун катышуусунда «Кошумча баалуу чынжырчан агро каржылоо» долбоорунун насыя берүү компоненти ишке киргизилди.

Долбоор Европалык Биримдик, Европалык Инвестициялык Банк жана Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык Биргелешүү жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланууда. Анын ресурстары Герман өнүктүрүү банкы (KfW) аркылуу Кыргызстандын ички насыялык базарына тартылууда.

Финансылык колдоо долбоордун гранттык бөлүгүнөн түзүлүп, анын көлөмү 9 миллион еврону түзөт. Бул каражаттар Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына бөлүнүп, айыл чарба тармагындагы микро, кичи жана орто ишканаларга насыя түрүндө берилет.

Долбоор боюнча насыя өндүрүүчүлөрүнө берилүүчү шарттар

9 миллион евроГранттык каражат
7 жылга чейинНасыя мөөнөтү
10%Жылдык пайыз ставкасы
Микро, кичи жана орто ишканаларМаксаттуу кардарлар