Бишкекте «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы» ачык акционердик коому жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) ортосунда кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул келишим эки тараптын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана инвестицияларды тартууга багытталган долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу максатын көздөйт.

Документке «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы» ААКынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев жана ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Скатин кол коюшту.

ЕАӨБ башчысынын орун басары Алексей Скатин белгилегендей, эки каржы институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына багытталышы мүмкүн болгон узак мөөнөттүү каржылоого жетүүнү кеңейтүүгө багытталган.

Улуттук өнүктүрүү институттары менен кызматташуу ЕАӨБ ишинин негизги багыттарынын бири. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы менен түзүлгөн меморандум туруктуу экономикалык өсүшкө, инвестицияларды тартууга жана жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү долбоорлорду биргелешип даярдоо жана ишке ашыруу үчүн негиз түзөт
Алексей Скатин