Мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Иштеп чыгуучулар демилгени инфляцияны, товарлардын наркынын өсүшүн жана экономикалык шарттардын өзгөрүшүн эске алуу менен жазаларды кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүрүшөт.

Долбоорго ылайык, экономикалык контрабанданын олуттуу өлчөмүнүн чегин 500 миң сомдон 2 миллион сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу боюнча чек 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин жогорулатылмакчы.

Сунушталган чектер

2 млнэкономикалык контрабанда үчүн, сом
1,5 млнбажы төлөмдөрүнөн качуу үчүн, сом

Натыйжада, азыркы тапта кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн болгон айрым укук бузууларды административдик укук бузуулар катарына которуу пландалууда. Бирок мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчилик толугу менен алынбайт: Укук бузуулар кодексине ылайык айып пулдар каралган.

Документтен

Акчалай чектер экономикалык контрабанда үчүн 2018-жылдан бери, ал эми бажы төлөмдөрүнөн качуунун баштапкы көрсөткүчтөрү 2007-жылдан бери кайра каралган эмес.
Негиздеме маалымдамасынан

Бул убакыт аралыгында товарлардын наркы, валюта курстары жана тышкы сооданын көлөмү өзгөрдү. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, колдонуудагы чектөөлөр жасалган укук бузуулардын экономикалык оордугуна дайыма эле туура келе бербейт.