Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Бактыбек Осмонов Биринчи радионун эфиринде «Сказка» каньонунун кирешеси тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2026-жылдын январынан сентябрына чейин объект жергиликтүү бюджетке 7,5 млн сом түшүргөн. Бул сумма былтыркы жылдын жыйынтыгынан да ашат: анда бүтүндөй жыл ичинде 5,5 млн сом чогултулган.

Каньондун кирешеси

7,5 млнсом 9 айда (2026)
5,5 млнсом бүтүндөй жылда (2025)

Мурда каньондун аймагы жеке ишкерге ижарага берилген. Бирок жер жайыт катары эсептелгендиктен, тараптардын макулдашуусу менен ижара келишими бузулуп, аймак айыл өкмөтүнө кайтарылган. Азыр объект мамлекеттин көзөмөлүндө.

36 млн сомго благоустройство

Каньонду көрктөндүрүү жана туристтерге шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен биринчи этаптын иштери башталды. Анын баасы 36 млн сомду түзөт. Акимдин айтымында, «Сказка» чет элдик туристтер арасында абдан популярдуу.

«Сказка» чет элдик туристтер арасында абдан популярдуу»,
Бактыбек Осмонов, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким

Туздуу көлүнүн инфраструктурасы да жакшыртылууда

Райондо Туздуу көлүнүн айланасында да инфраструктура өркүндөтүлүүдө. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы баасы 17 млн сомдук долбоор ишке ашырылууда. Көлгө 4,5 чакырымдык электр линиясы тартылып, таза суу менен камсыздоо үчүн скважина бургуланган, санитардык объектилер курулган.

Акимдин айтымында, туристтик жайларды көрктөндүрүү эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү гана эмес, жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө да багытталган.