Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы каржылоо механизми ишке кирди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Каржы министрлиги, «АБанк» ААК жана «Элдик Банк» ААК ортосунда үч тараптуу агенттик макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу K-News басылмасы кабарлады.
Макулдашууга ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы KGZ-1037 долбоорунун алкагында эки мамлекеттик коммерциялык банкка жалпысынан 44,61 млн АКШ долларын каржылоо катары берет. Бул каражаттар айыл чарбасын механикалаштырууга жардам көрсөтүү долбооруна багытталат.
Долбоордун негизги максаты — дыйкандарга айыл чарба техникасын ислам каржылоо принциптери менен сатып алууга шарт түзүү. Бул ыкма пайызсыз негизде иштейт жана ислам укугунун талаптарына ылайык келет. Мындай каржылоо модели өлкөдө айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.
Бул келишим Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы финансылык инструменттердин кеңейишине маанилүү кадам болуп саналат. Макулдашуунун алкагында ишке ашырыла турган долбоор дыйкандардын техникага болгон муктаждыгын канааттандырууга жана алардын ишин жеңилдетүүгө багытталган.





















