Материалдар: 1805
27-июль күнү Бишкек шаарында жаан-чачынсыз, ысык аба ырайы болот. Күндүз абанын температурасы +34...+36 градуска чейин жогорулашы мүмкүн экенин синоптиктер билдирет.
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМК жана аналитикалык борборлор форумуна катышуу үчүн делегациялар келе баштады. Бул иш-чарага 26га жакын өлкөнүн өкүлдөрү чогулуп, медиа кызматташтык жана глобалдык медиа мейкиндигинин маселелерин талкуулашат.
«Погода и климат» ресурсунун маалыматы боюнча Бишкекте 26-июль күнү катталган эң жогорку жана эң төмөнкү температуралар, ошондой эле июль айындагы жалпы рекорддор аныкталды.
Кыргыз өкмөтү 2026-жылга карата инфляциянын болжолун 9%дан 14-15%га көтөрдү. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карызды ички дүң продукциянын 50% чегинде кармоого тапшырма берди. Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу өлкөнүн транспорттук маселесин чечип, транзиттик кирешени камсыздоого үмүттөнүлүүдө.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 26-июль, жума күнү Бишкек шаарында күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы +33... +35 градуска чейин жетет.
Чүй облусунун Москва районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддердин алкагында 17 трицикл айдоочусу айыпка жыгылды. Алар ылдамдык чегин сактабаган жана тротуар менен жүргөн учурлар катталды.
"Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш компаниясына Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак жай комплексин курууда коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында эки жабык теннис комплексин оңдоп-түзөө боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Жыйынтыгында, 4-кичи райондогу объектти "Прайм Корт" ЖЧКсы, ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү комплексти "Октопус Интернешнл" ЖЧКсы реконструкциялайт.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында кезектеги ачык асман алдындагы музыкалык кече уюштурулду. Бул көчө спектаклдери форматындагы музыкага арналган маданий иш-чара болду.
Кыргызстандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушууда аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерге да көңүл бурулду.
Бишкектеги жаңы "THE OTHERS" арт-мейкиндигинде граффити маданиятына арналган "GRAFFITI EDITION" көргөзмөсү ачылды. 18-июлда башталган бул экспозицияда Кыргызстандагы граффити кыймылынын башатында турган сүрөтчүлөрдөн баштап, жаш таланттарга чейинки ар кайсы муундагы авторлордун эмгектери көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, көргөзмө өлкөдөгү граффити сахнасынын тарыхы жана өнүгүшү тууралуу ретроспективаны камтыйт.
Кыргызгидромет 25-июлдан 31-июлга чейинки Бишкек шаарындагы аба ырайынын божомолун жарыялады. Алгачкы күндөрү кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал, бирок 27-июлдан тарта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +16дан +36 градуска чейин өзгөрүшү мүмкүн.