Бишкекте жаңыдан ачылган "THE OTHERS" аттуу арт-мейкиндиги өз ишин баштады. Аталган аянтчанын алгачкы көргөзмөсү "GRAFFITI EDITION" деп аталып, борбор калаанын граффити маданиятына арналган.

Бул көргөзмө 18-июлда ачылды. Анда Кыргызстанда граффити кыймылынын негиздөөчүлөрүнөн болгон өкүлдөрдөн баштап, жаш райтерлерге чейинки ар кандай муундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

Экспозицияга ошондой эле өлкөдөгү граффити сахнасынын тарыхы жана өнүгүшү тууралуу баяндаган "Graffiti Kyrgyzstan" ретроспективасы киргизилген.

Көргөзмөгө төмөнкү сүрөтчүлөр катышууда:

  • CHERVI
  • MURE
  • OGMIDE
  • UMUT
  • SEAR
  • PRIZ
  • ASCANORUS
  • WODY
  • LAYNE

"GRAFFITI EDITION" долбоору "THE OTHERS" арт-мейкиндигинин алгачкы иши болуп саналат. Бул мейкиндик келечекте да көргөзмөлөрдү, заманбап көркөм долбоорлорду жана башка чыгармачылык иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Көргөзмө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү, 587 дарегинде өтүүдө.