Бишкек мэриясы борбор калаадагы эки жабык теннис комплексин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) программасынын алкагында реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорлор шаардын Тоголок Молдо көчөсү, 17а жана 4-кичи район, 14/2 даректериндеги спорттук объектилерди оңдоп-түзөөнү жана жеңил конструкцияларды курууну карайт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча 4-кичи райондогу комплексти реконструкциялоо укугун «Прайм Корт» ЖЧКсы жеңип алды. Ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү комплекстин подрядчиги «Октопус Интернешнл» ЖЧКсы болду.
Иштер аяктагандан кийин Бишкекте заманбап, жыл бою иштей турган жабык теннис комплекстери пайда болот деп күтүлүүдө. Мэрия бул долбоор машыгуу шарттарын жакшыртып, массалык жана профессионалдык теннисти өнүктүрүүгө салым кошот деп эсептейт.
Сынакты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте уюштурган.





