2021-жылы 26-июль Бишкек шаарында эң ысык күн болуп катталган. «Погода и климат» ресурсунун берген маалыматына ылайык, ал күнү борбор калаада абанын температурасы +41,3 градуска жеткен.
Ал эми эң суук 26-июль 1949-жылы катталып, абанын температурасы +12,1 градусту түзгөн.
«Погода и климат» дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы аба ырайы жөнүндө маалымат берет. Күнүмдүк температура рекорддору ар бир күн үчүн эң төмөнкү жана эң жогорку көрсөткүчтөр катары аныкталат. Бишкектеги аба ырайын көзөмөлдөө үчүн күнүмдүк маалыматтар 1936-жылдан 2024-жылга чейин, ал эми аномалиялар 1898-жылдан бери алынып келет.
Борбор калаа үчүн июль айынын орточо температурасынын нормасы +25,5 градусту түзөт. Бардык байкоо жүргүзүлгөн мезгилдерде эң ысык июль 2019-жылы болуп, орточо айлык температура +28,7 градуска жеткен.
Эң суук июль 1898-жылы катталып, орточо температура +21,8 градус болгон.
Синоптиктердин болжолуна ылайык, 26-июлда борбор калаада аз булуттуу, бир аз жамгыр жаайт. Күндүз аба +33 градуска чейин, ал эми түнкүсүн +21 градуска чейин ысыйт.




