Проверканы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери бекитилген графиктен артта калып жатканы аныкталган.
Мындан тышкары, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолор жок болгон, ошондой эле мунара краны коопсуздук талаптарына жооп берген эмес. Аткарылган курулуш-монтаждоо иштерин этап-этабы менен кабыл алуу 2025-жылдын ноябрь айынан бери жүргүзүлбөгөнү белгиленген.
Жыйынтыгында, курулуш компаниясына карата акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.
Курулуш министрлиги курулуш уюмдарын нормаларды, техникалык регламенттерди жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.






