Москва районунда бир күндө 17 трицикл айдоочусу айыпка жыгылды. Бул маалыматты Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, учурда облустун бардык райондорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддер өтүүдө.
Москва райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 24-июлда өткөн рейддин жүрүшүндө 17 протокол түзүлгөнүн билдирди.
Рейддер райондун бардык аймактарында өтүүдө. Бир күндүн ичинде Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда жайгашкан Александровка, Садовое жана Беловодское айылдарында жол эрежелерин бузган 17 трицикл айдоочусуна протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сом айып салынган.
Инспекторлор айрым айдоочулар тротуарлар менен жүргөнүн да аныкташкан.





