Чет элдик делегациялардын Бишкекке келиши ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумуна катышуу максатында башталды.
Кыргызстандын борборуна алгачкы катышуучулар 26-июлга караган түнү келишти. Форумдун ишине ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлор жана тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү катышат. Алар ШКУга мүчө-мамлекеттерден, байкоочу-мамлекеттерден жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн келишкен 26га жакын мамлекеттин өкүлдөрү.
Форумдун негизги иш-чаралары 27-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөт. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, ЖМК менен аналитикалык борборлордун ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле глобалдык медиа мейкиндигинин өнүгүшүндөгү заманбап тенденцияларды талкуулашат.
Иш-чараны Кыргыз улуттук маалымат агенттиги "Кабар" жана "Синьхуа" маалымат агенттиги уюштурууда.






