Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 26-июлда Бишкек шаарында күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы +33...+35 градусту түзөт.

Шамал батыштан согуп, анын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дүйшөмбүгө караган түнү абанын температурасы +17...+19 градуска чейин төмөндөйт.