Кыргызгидромет 25-июлдан 31-июлга чейинки мезгилге Бишкектеги аба ырайынын божомолун жарыялады.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 25 жана 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

27-июлдан 31-июлга чейин борбор калаада жаан-чачынсыз аба ырайы болжолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы

  • 25-июль: түнү +17…+19, күндүз +32…+34
  • 26-июль: түнү +18…+20, күндүз +31…+33
  • 27-июль: түнү +17…+19, күндүз +32…+34
  • 28-июль: түнү +16…+18, күндүз +33…+35
  • 29-июль: түнү +17…+19, күндүз +34…+36
  • 30-июль: түнү +17…+19, күндүз +34…+36
  • 31-июль: түнү +17…+19, күндүз +34…+36