26-ноябрда Жогорку Кенеш банк чөйрөсүндөгү жана интернеттеги алдамчылык кылмыштарына каршы туруу боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылыш барышы тууралуу маалыматты кабыл алды. Бул маселе боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга иш-аракеттерди улантуу боюнча тапшырма берилди.

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев комитеттин чечими тууралуу билдирди. Анын айтымында, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтары каралып чыкты.

  1. 2025-жыл, 25-июнь

    №3297-VII номердеги Жогорку Кенештин токтому

  2. 2026-жыл, 12-март

    №302-VIII номердеги Жогорку Кенештин токтому

Комитеттин чечимине ылайык, Министрлер Кабинетине, Улуттук банкка жана Башкы прокуратурага айтылган сунуштарды эске алуу менен, аталган токтомдорду аткарууну улантуу жана тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.