26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды. Бул маселе боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Депутат Мирлан Жээнчороев кибералдамчылык менен натыйжалуу күрөшүү жана уурдалган каражаттарды ыкчам кайтаруу үчүн кандай мыйзамдык чаралар керек экенин сурады. Анын айтымында, расмий эмес маалыматтарга таянса, алдамчылар тарабынан кыргызстандыктардан уурдалган каражаттын суммасы 55 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн.

Чабуулдар кайдан жасалууда?

Укук коргоо органдарынын өкүлү Кыргызстандын жарандарына чабуулдар Европа өлкөлөрүнөн жасалып жатканын билдирди. Бирок алдамчылардын VPN жана прокси-серверлерди колдонуусу алардын чыныгы жайгашкан жерин аныктоону кыйындатып жатат.

Алдамчылыктын масштабдары

1 061 000 000сом
90%алдамчылардын таасири астында өз алдынча которушат

Жоголку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев расмий маалыматтар боюнча банктык жана интернет-алдамчылыктан келген жалпы зыян 1 миллиард 61 миллион сомду түзгөнүн белгиледи.

Эл аралык кызматташтык

Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясын ратификациялоо зарыл экени айтылды. Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева бул конвенцияга кол коюлганын жана ал Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилерин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын Будапешт конвенциясына кошулуу боюнча иштер улантылууда.