Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында банк жана интернет тармагындагы алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.
Алдамчылыктын натыйжасында келтирилген зыян
Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай кылмыштардан келтирилген жалпы зыян 1 млрд 61 млн сомду түзгөнү айтылды.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, укук коргоо органдарын Улуттук банк менен биргеликте санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров алдамчылыкка каршы күрөшүү максатында бир катар чаралардын көрүлгөнүн маалымдады.
- онлайн-кредит алууда жана шектүү транзакцияларды жүргүзүүдө «муздатуу мезгили» киргизилди
- «Түндүк» порталы аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү
- банктарда антифрод-системаларды киргизүү иштери жүрүп жатат
Талкуу учурунда депутаттар киберкылмыштарды иликтөөдө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү, ири технологиялык компаниялар менен иш алып баруу жана Будапешт конвенциясына кошулуу процессин тездетүү маселелерин көтөрүштү.
Мындан тышкары, жаштардын дропперликке тартылышы, калктын карыз жүгүнүн көбөйүшү, насыя берүүнү жөнгө салуу жана окуучулар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Эл өкүлдөрү жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган киберкылмыштарга каршы чараларды көрүү керектигин айтышты.













