Акыркы беш жыл ичинде аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдар жасалды. Атап айтканда, тарыхый-маданий мааниси чоң «Манас Ордо» комплекси толугу менен реконструкцияланып, анын аймагында «Кеңеш Ордо» конгресс-холлу, мейманкана жана тулоокон курулду. Ошондой эле «Айтматов ааламы» эскертмелик комплекси ачылды.
Талас шаарында жаңы коомдук жайлар пайда болду. Алардын ичинде борбордук эс алуу паркы, «Баластан» балдар оюн аянтчасы, Нуржанов аллеясы, борбордук мечит жана 11 миң көрүүчүну сыйдыра алган заманбап «Талас Арена» стадиондору бар. Шаар көчөлөрү заманбап түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылынды жана «Акылман» президенттик лицейи ишке кирди.
Транспорт жана өнөр жайдын өсүшү
Аймак үчүн эң маанилүү окуялардын бири — 30 жыл бою иштебеген Талас аэропортунун кайрадан иштеп баштаганы болду. Бул чечим транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, туризмди өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Өнөр жай жана жол инфраструктурасы
Өнөр жай тармагында да оң өзгөрүүлөр байкалууда. Аймакта 76 жаңы ишкана ишке кирди. Алардын арасында 25 МВт кубаттуулугу бар «Бала-Саруу» кичи ГЭСи, фасольду кайра иштетүү жана экспорттоочу «Таласия» заводу, «Талас Органик» агрокомплекси жана «Талас Та» таш иштетүү ишканасы бар.










