Документке ылайык, Улуттук банк банк жана төлөм системаларындагы алдамчылыкка каршы күрөшүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Сунушталган өзгөртүүлөр Улуттук банкка коммерциялык банктар, банктык эмес каржы-насыялык уюмдар, төлөм уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана башка көзөмөлдөгү структуралар үчүн милдеттүү алдамчылыкка каршы талаптарды белгилөө укугун берет.

Атап айтканда, жөнгө салуучу орган каржы уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу эрежелерин, кардарларды маалымдоо талаптарын жана алдамчылык белгилери бар операцияларды убактылуу токтотуу тартибин аныктай алат. Мында банк сыры, жеке маалыматтар жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарынын ченемдери сакталышы керек.

Долбоордун авторлорунун түшүндүрмөсүнө ылайык, жабырлануучулардын акча каражаттары көбүнчө банктык эсептер, карталар, электрондук капчыктар, QR-коддор, төлөм шилтемелери, интернет- жана мобилдик банкинг аркылуу чыгарылып кетет.

Ошондуктан, эгер банк шектүү операцияны көрсө, кардарга ыкчам эскертүү берүү, которууну токтотуу жана тобокелдикти текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.

Бул демилге жарандардын акчасын өзүм билемдик менен бөгөттөө эмес экени баса белгиленет. Конкреттүү негиздер жана жол-жоболор Улуттук банктын нормативдик актылары менен аныкталат, ал эми чаралар ыкчам жана тобокелдикке шайкеш болушу керек.

Мыйзам долбоору алдамчылыкка каршы күрөшүүнү Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири катары бекитет. Буга чейин жөнгө салуучу каржы институттарын операцияларды реалдуу убакыт режиминде мониторингдөө системаларын киргизүүгө жана транзакцияларга тобокелдик деңгээлин ыйгарууга милдеттендирген болчу.

Жаңы өзгөртүүлөр банктар ортосунда ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн укуктук негиз түзүүгө, шектүү аракеттер жөнүндө маалыматтарды банк сырынын нормаларын бузбастан тезирээк алмашууга мүмкүндүк берет.