Кыргызстанда интернет жана банктык алдамчылыктын корбону болгон адамдардын саны 100 миңден ашыкка жетти. Бул тууралуу Жогорку Кенештин вице-спикери Медербек Алиев парламенттин жыйынында билдирди.
Медербек Алиевдин айтымында, учурдагы шартта интернет жана банк алдамчылыгынын учурлары өсүп жатат. Ошол себептен Министрлер Кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка бул кылмыштардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу Жогорку Кенешке ар бир квартал сайын отчет берип туруу тапшырылды.
Депутаттар алдамчылыкка каршы күрөшүү үчүн жаңы механизмдерди иштеп чыгуу, укуктук актыларды өркүндөтүү жана жоопкерчиликти күчөтүү зарыл экенин белгилешти. Мындан тышкары, Улуттук банк Ички иштер министрлиги менен биргеликте алдамчылыкты өз убагында аныктоо жана токтотуу үчүн өз ара аракеттенүү механизмин кайра карап чыгуу керек.
Бул маселе боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров, Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева жана Ички иштер министрлигинин орун басары Эркебек Аширходжаев да маалымат беришти.





















