Сунушталып жаткан документ жарандарды майып катары таануу жана медициналык-социалдык экспертизаны уюштуруу тартибин өзгөртүүнү көздөйт. Бул өзгөрүүлөр Даун синдрому бар адамдардын күнүмдүк жашоосундагы муктаждыктарын эсепке алууга багытталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ден соолугунун абалына жараша Даун синдрому менен жашаган адамдарга күнүмдүк турмушта, билим алууда, медициналык жана социалдык кызматтарды алууда туруктуу же мезгилдик жардам керек болушу мүмкүн.
Кыргызстандагы көрсөткүчтөр
Маселени чечүү үчүн Даун синдромуну медициналык-социалдык экспертиза учурунда карала турган оорулардын жана абалдардын тизмесине өзүнчө пункт катары киргизүү сунушталууда. Ошондой эле, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган. Бул мекеме майыптыгы бар балдардын жана адамдардын жеке реабилитациялоо жана абилитациялоо программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
Документте аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын Республикалык борборго түздөн-түз баш ийүүсүн бекитүү сунушталган.





