Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө негизинен турак жай объектилери курулуп жатат. Ошондуктан долбоорлоо учурунда унаа токтотуучу жайлардын саны батирлердин санына дал келиши зарыл.

Мындан тышкары, коноктор үчүн унаа токтотуучу жайларды, ошондой эле дүкөндөргө жана башка коммерциялык жайларга келген кишилерге орун кароо талап кылынат.

Долбоордук документтерди кароодо биз белгиленген ченемдердин сакталышын текшеребиз. Эгер керектүү сандагы унаа токтотуучу жайлар каралбаса, курулушка уруксат берилбейт.
Нурдан Орунтаев, Курулуш министри

Тарифтер жана эрежелер

Министр баса белгилегендей, долбоордук документтерди кароодо ведомство белгиленген ченемдердин сакталышын текшерет. Эгерде керектүү сандагы унаа токтотуучу жайлар каралбаса, курулушка уруксат берилбейт.