Программанын негизги максаты — кыргыз тигүү ишканаларын ата мекендик экспорт үчүн жаңы болгон рынокторго, атап айтканда Европа Биримдигине жана Жакынкы Чыгышка чыгууга даярдоо. Бул тууралуу «Кыргыз экспорт» борборунун директору Урмат Такиров маалымат жыйынында айтып берди.
Акселератордун жыйынтыктары
Окуу модулунун алкагында компаниялардын ээлери, жетекчилери жана коммерциялык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү чет өлкөлүк рыноктордун талаптарын, маркетингдин өзгөчөлүктөрүн, өндүрүштүк стандарттарды, сертификацияны, продукциянын мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле социалдык жана экологиялык стандарттарды үйрөнүштү.
Окууга Индиядан эки эл аралык эксперт тартылды. Алар Nike, H&M жана Zara сыяктуу ири дүйнөлүк бренддер менен иштөө тажрыйбасына ээ. Катышуучулар алар менен болжол менен бир ай бою квалификациясын жогорулатуу жана чет өлкөлүк сатып алуучулар менен кызматташууга даярдык көрүү үстүндө иштешти.
Кийинки этап — жеке диагностика болду. Ага өндүрүштүк жана экспорттук потенциалы эң жогору 15 компания тандалып алынды. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер алардын ишин талдап, ар бир ишканага ишин жакшыртуу боюнча жеке сунуштарды даярдашты.
Эскерте кетсек, REX системасы — Европа Биримдигинин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экспорттоочулары үчүн преференцияларды алууга мүмкүндүк берүүчү каттоо системасы. Ага катталуу кыргыз продукциясына ЕБ рыногунда бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүгө жол ачат.























