Жаңы талаптарга ылайык, курулуш компаниялары имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктаганга чейин кайсы бир иш-аракеттерди жасоого укугу жок.
- Батирлерди жана турак эмес жайларды сата албайт
- Үлүштүк катышуу жана алдын ала келишимдерди түзө албайт
- Жарандардан жана юридикалык жактардан курулушка каражат тарта албайт
- Объектилерди жарнамалай албайт
Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Учурда департамент курулуш компанияларынын жетекчилерине жаңы талаптарды түшүндүрүп, мыйзам бузууга жол бербөө боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.



















